Бишкекте СБНОН кызматкерлери тарабынан уюштурулган мыйзамсыз баңги заттарды сатуу схемасы аныкталып, токтотулду. Эки милиция кызматкери кармалып, тергөө иштери уланууда. 🌿 Бишкекте баңгизаттарды мыйзамсыз сатуу схемасы аныкталып, токтотулду. Бул схеманы баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери өздөрү уюштурган. 👮♂️ Тергөө иштеринин жүрүшүндө Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери системалуу түрдө өсүмдүк жана синтетикалык тектеги баңгизаттарды жарандарга сатып жүргөнү аныкталды. 🚨 2025-жылдын 29-апрелинде ири көлөмдөгү баңгизатты берүүгө аракет кылып жаткан учурда милициянын капитаны Б.Д.М. кармалды. Анын жанында сүйлөшүп иш алып барган милициянын лейтенанты Г.М.Б. дагы кармалды. 🏠 Кармалгандардын жашаган жерлеринде жана жумуш орундарында тинтүү жүргүзүлүп, кошумча баңгизаттар табылды. 🔍 Бир кызматкер Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына, экинчиси Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге камалды. Зарыл б