Бишкек, 22.04.25. /Кабар/. Айыл чарба министрлиги азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө жана дыйкан чарбаларын колдоо максатында кооперациянын жаңы формасы катары өзгөчө экономикалык бирикмелерди түздү. Бул долбоор фермерлерди күчтүү экономикалык ишканалардын, кооперативдердин айланасында бириктирүү аркылуу айыл чарба өндүрүшүн кеңейтүү стратегиясынын алкагында ишке ашырылууда. Жаңы бирикмелер фермерлерди суу, сапаттуу үрөн, көчөт жана жер семирткичтерден тартып заманбап айыл чарба техникасына чейин бардык керектүү ресурстар менен камсыздайт. Кийинки этапта кайра иштетүү жана логистиканы өнүктүрүү, чакан кайра иштетүүчү ишканаларды ишке киргизүү, соода-логистикалык борборлорду куруу жана айыл чарба продукциясынын экспорттук потенциалын кеңейтүү пландалууда. Ошондой эле фермерлерге агроресурстарды натыйжалуу пайдаланууну үйрөтүү, жаш кадрларды даярдоо жана алдыңкы агропрактикаларды киргизүү боюнча активдүү билим берүү иштери жүргүзүлөт. Жерлерди биргелешип пайдаланууга өткөн чарбаларга өзгөч
Кыргызстанда дыйкандарды колдоо үчүн өзгөчө экономикалык бирикмелер түзүлүүдө
22 апреля 202522 апр 2025
2 мин