Найти тему
NAQ MEDIA

Кореялык офтальмологдор Жайыл районунун тургундарын бекер текшерүүдөн өткөрүп, операция жасашты

Чүй облусунун Жайыл районунда медициналык кайрымдуулук акциясы өтүп, анда Түштүк Кореядан келген 22 адис 600 бейтапты текшерүүдөн өткөрүштү. Алардын 97%ы катаракта операциясын талап кылат. Ошондой эле 500 жуп көз айнек жана көзгө тамчылаткычтар белекке берилди.

👁️ Чүй облусунун Жайыл районунда офтальмология боюнча медициналык кайрымдуулук акциясы өттү.

👨‍⚕️ 30-сентябрдан 4-октябрга чейин Түштүк Кореядан келген 22 адис, анын ичинде үч офтальмолог хирург текшерүү жана операцияларды өткөрүштү.

👩‍⚕️ Иш-чаранын негизги максаты – Жайыл районунун жана ага чектеш аймактардын тургундарына медициналык жардам көрсөтүү.

👁️ Акциянын жүрүшүндө 600 бейтап текшерилип, анын 97%ы катаракта операциясына муктаж.

🕶️ Ошондой эле акциянын алкагында бейтаптарга 500гө жакын көз айнек жана тамчылаткычтар бекер берилди.

🏥 Кайрымдуулук акциясы облустун калкынын офтальмологиялык ден соолугун чыңдоодо маанилүү кадам болду.