Добавить в корзинуПозвонить
Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Борбор калаадагы мектептерде жүздү таануу функциясы бар камералар орнотулууда.

Бишкектеги мектептерде коопсуздукту камсыздоо жана тартипти жакшыртуу максатында жүзөгө ашырылып жаткан "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында 218 видеокамера орнотулду, анын ичинде 144 камера ишке киргизилди. 📹 Бишкектеги мектептерде видеокөзөмөл камераларын орнотуу иштери уланууда. 🏫 Учурда “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында 109 мектепте 218 видеокөзөмөл камерасы орнотулду, анын 144ү ишке киргизилип, Бишкек шаарынын ГУВДнын абалдык борборуна туташтырылган. 🔧 Азыркы учурда кошумча камераларды орнотуу жана баштапкы орнотулган камералардын иштөө жөндөмдүүлүгүн текшерүү иштери жүрүп жатат, аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. 👮‍♀️ Видеокамераларды орнотуу окуучулардын коопсуздугун камсыздоо менен катар, тартипти жакшыртууга, зомбулук жана башка терс көрүнүштөр менен күрөшүүгө жардам берет. 🕵️‍♂️ Камералардын жүздөрдү таануу сыяктуу жогорку технологиялык мүмкүнчүлүктөрү кылмыштарды жана укук бузууларды аныктоодо маанилүү роль ойнойт, бул ар кандай кырдаалдарды алд

Бишкектеги мектептерде коопсуздукту камсыздоо жана тартипти жакшыртуу максатында жүзөгө ашырылып жаткан "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында 218 видеокамера орнотулду, анын ичинде 144 камера ишке киргизилди.

📹 Бишкектеги мектептерде видеокөзөмөл камераларын орнотуу иштери уланууда.

🏫 Учурда “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында 109 мектепте 218 видеокөзөмөл камерасы орнотулду, анын 144ү ишке киргизилип, Бишкек шаарынын ГУВДнын абалдык борборуна туташтырылган.

🔧 Азыркы учурда кошумча камераларды орнотуу жана баштапкы орнотулган камералардын иштөө жөндөмдүүлүгүн текшерүү иштери жүрүп жатат, аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

👮‍♀️ Видеокамераларды орнотуу окуучулардын коопсуздугун камсыздоо менен катар, тартипти жакшыртууга, зомбулук жана башка терс көрүнүштөр менен күрөшүүгө жардам берет.

🕵️‍♂️ Камералардын жүздөрдү таануу сыяктуу жогорку технологиялык мүмкүнчүлүктөрү кылмыштарды жана укук бузууларды аныктоодо маанилүү роль ойнойт, бул ар кандай кырдаалдарды алдын алуу үчүн тез чара көрүүгө мүмкүндүк берет.

🏢 Камераларды орнотуу иштери Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан колдоого алынып, каржыланган.