Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Ошто эл аралык баңги тобунун мүчөлөрү кармалды

Бишкекте эл аралык уюшкан кылмыштуу топтун наркоканалынын иши токтотулду. Тажикстан-Кыргызстан-Өзбекстан багыты боюнча иштеген топтун мүчөлөрү кармалып, алардын үйлөрүнөн 10 брикет «афган чарсы» жана синтетикалык зат табылды. 🔍 Ош облусунун айрым тургундарынан турган эл аралык уюшкан кылмыштуу топтун наркосоодасы токтотулду. 🚔 5-февралда Ж.Х.Х. жана К.И.А. аттуу жарандар “Тажикстан-Кыргызстан-Өзбекстан” багыты боюнча эл аралык наркоканал уюштурган деп шектелип кармалды. 🧪 Ж.Х.Х.нын үйүн тинтүү учурунда салмагы 9 кг 793 гр болгон 10 брикет “афган чарсы” жана салмагы 1 кг болгон белгисиз синтетикалык зат табылды. Учурда тиешелүү экспертиза жүргүзүлүүдө. 🏠 К.И.А.нын үйүнөн салмагы 133.99 гр болгон 1 брикет “афган чарсы” табылды. ⚖️ Жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында уюшкан кылмыштуу наркобанданын мүчөлөрүнө Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси боюнча айып тагылды. Ош шаардык соту аларды камакка алуу чарасын көрдү.

Бишкекте эл аралык уюшкан кылмыштуу топтун наркоканалынын иши токтотулду. Тажикстан-Кыргызстан-Өзбекстан багыты боюнча иштеген топтун мүчөлөрү кармалып, алардын үйлөрүнөн 10 брикет «афган чарсы» жана синтетикалык зат табылды.

🔍 Ош облусунун айрым тургундарынан турган эл аралык уюшкан кылмыштуу топтун наркосоодасы токтотулду.

🚔 5-февралда Ж.Х.Х. жана К.И.А. аттуу жарандар “Тажикстан-Кыргызстан-Өзбекстан” багыты боюнча эл аралык наркоканал уюштурган деп шектелип кармалды.

🧪 Ж.Х.Х.нын үйүн тинтүү учурунда салмагы 9 кг 793 гр болгон 10 брикет “афган чарсы” жана салмагы 1 кг болгон белгисиз синтетикалык зат табылды. Учурда тиешелүү экспертиза жүргүзүлүүдө.

🏠 К.И.А.нын үйүнөн салмагы 133.99 гр болгон 1 брикет “афган чарсы” табылды.

⚖️ Жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында уюшкан кылмыштуу наркобанданын мүчөлөрүнө Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси боюнча айып тагылды. Ош шаардык соту аларды камакка алуу чарасын көрдү.