Бишкекте мектеп окуучусуна оор залал келтирүүгө шектелген адам кармалды. Тергөө иштеринде окуянын себеби акча талап кылуу болгону аныкталды. 9-класстын окуучусу Т.И. 8-класстын окуучусун сабап, ал ооруканада каза болгон. Т.И. убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 🔍 Бишкекте окуучунун ден соолугуна оор залал келтирүүгө шектелген адам кармалды. 📅 2025-жылдын 21-январында Бишкектеги №72 мектептин 9-классынын окуучусу Т.И. башка окуучулар менен бирге мектептин дааратканада А.А. аттуу окуучуга кол салып, анын эсин жоготушуна себеп болгон. 🏥 А.А. ооруканага жеткирилип, 4-февралда көз жумган. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. 💰 Тергөө иштеринде окуянын себеби катары кармалган Т.И. 8-класстын окуучуларынан акча талап кылганы аныкталган. ⚖️ Окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130 (Ден соолукка оор залал келтирүү) жана 208 (Опузалап акча талап кылуу) беренелери боюнча кылмыш иштери козголду. 👮 Т.И. 2009-жылы туулган, кармалып, Бишкек шаардык ички