2025-жылдын 1-январына карата «Айыл чарбасын каржылоо-12» долбоорунун алкагында Кыргызстанда 12 миң 108 айыл чарба өндүрүүчүсү 4 миллиард 860 миллион сомго жеңилдетилген насыя алса, анын 4 миллиард 38 миллиону мал чарбачылыгына, 481 миллион 720 миңи өсүмдүк өстүрүүгө бөлүнгөн. Долбоор «Айыл Банк» жана «Элдик Банктын» катышуусунда ишке ашырылууда. 💰 Кыргызстанда жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдогон “Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоорун ишке ашыруу ийгиликтүү уланууда. 🐄 Мал чарба тармагында 10 664 айылдык товар өндүрүүчүгө жалпы суммасы 4,38 млрд сом насыя берилди. 🌾 Өсүмдүк өстүрүү тармагында 1444 субъектке 481,72 млн сом суммасында каржылоо берилди. 🏦 Долбоор “Айыл Банк” ААК жана Элдик Банктын колдоосу менен ишке ашырылып, алар биргелешип насыя берүүгө 5 миллиард сом бөлгөн. 📈 2025-жылдын башынан бери жеңилдетилген насыя алуучулардын саны 12 108ди түздү, бул өлкөдө айыл чарбасын колдоонун өсүп жатканын айгинелейт.
Кыргызстанда 12 миңден ашык фермер ФШ-12ден жеңилдетилген насыя алууга мүмкүнчүлүк алды.
16 января 202516 янв 2025
~1 мин