Мен абдан урматтап-сыйлаган, биздин адамдык баалуулуктарыбыз дал келген, сезимдерибиз бир туугандай эле болуп калган, мыкты жардамчым бар эле. Мааданбек Мамытов деген. Мен ал кезде Жогорку Кеңештин депутаты элем. Ал университеттин юридикалык факультетин бүтүрүп, жумуш издеп жүргөн жигит экен. Мага дасыккан кесиптешим Кубатбек Байболов “Абдан зирек бир жигит бар, жардамчы катары карап көрбөйсүңбү” деп сунуш кылып калды. Келсин дедим. Келгенде эле баскан-турганы, менин суроолорума берген жооптору көңүлүмө жакты. 3 мүнөттүн ичинде эле кагаздарыңды алып кел, мага жардамчы болуп бүгүнкү күндөн баштап жумушка чык деп кабыл алдым. Кишиге кишинин жагышы кыйын эмеспи. Ал жигит эшикти “Ас-салому алейкум” деп ачып киргенде эле жакшы пикир калтырды.
Нарын облусунун Нарын районунун Дөбөлү деген айылынан эле. Белгилүү публицист, юрист Бекибай Мамытовдун уулу экен. Мен Мааданбек Бекибай Мамытовдун уулу экенин башта билбептирмин. Кийин билдим. Маадан өзү да мага айтпай жүрүптүр. Мен да кайдансың, ата-энең ким деп сурабапмын.
Мына ушул жигит, жардамчым үйүмө келип, "теңтуштар жубайларыбыз менен Ысык-Көлгө эс алууга баратабыз. Барып келгенге уруксат бериңиз", деп суранып калды.
Үйгө чоң балдарымдай эле кирип келчү. Курсагы ач болсо ашканага кирип, казанда эмне болсо алып жеп кете берчү. Ар дайым маанайы жарык, жаркылдаган керемет жигит эле.
Ошондо "барбай эле койбойсуңбу"- десем, "жок, барбасам болбойт", -деп сыртка кылчактайт. Көрсө сыртта автунаада келинчеги отуруптур. Баары бир уруксат берет деп, толук камданып келиптир... Уруксат бербей койсом капа болчудай. Анан "аман-эсен барып кел, келгениңден кийин округдарга барып, бир ай иштеп келебиз", дедим. "Макул агай"- деп кудуңдаган бойдон кетти...
А 31-июль эрте менен жол кырсыгы болуп, оор абалда ооруканга түштү деген кабар телефон аркылуу айтылды. Дароо Чолпон Ата шаардык ооруканасына жетип бардым. Барсам эс-учун билбей жатыптыр. Мына ошол абалда эки-үч күн жатып, ичээр суусу түгөнгөн экен, арман күн кете берди...