Найти тему
Jakshylyk Jaliiov

Бөйрөк оорусунун башкы белгилери

Бөйрөк – адам организминдеги эң маанилүү мүчөсүнүн бири. Өзгөчө аялдар үчүн маанилүүлүгү өтө зор. Себеби аялдын ден-соолугу, сулуулугу менен чырайынын башкы кепилдиги. Ошондуктан бөйрөк жумушунун начарлашы, анын алсыздыгы аялдын организминдеги турдүү оорудан кабар берет. Ушуга байланыштуу ооруну алдын алууга мүмкүнчүлүк туулат. Сиздер үчүн оорунун алты белгисин сунуштамакчыбыз:

1. Бөйрөктүн алсыздыгында бет, буту-кол, көздүн тегереги шишип кетет. Бөйрөк организмдеги сууну иретке келтирип, анын жумушу бузулса, кан айлануу начарлайт. Муну иретке келтирүүнүн оңой чечими уктаар алдында сууну аз өлчөмдө ичип, белге арналган көнүгүү жасаңыз.

2. Аялдардын тез үшүй берүүсүнүн себеби бөйрөктүн алсыздыгынан кабар берет. Мындай кубулушту жеңүү үчүн тамактануу рационуна көңүл буруп, койдун эти, уйдун эти, ачуу мурч, пияз, имбирь сыяктуу азыктарды көбүрөөк пайдаланган жакшы.

3. Бөйрөк алсыздыгы аялдын жыныстык мамилеге болгон кызыгуусун төмөндөтөт, себепсиз ачууланып, климакстын өтө эрте башталуусуна таасир берет. Ошону менен катар бөйрөгү алсыз адамдар тез картаят. Ал муну алдын алуу үчүн түрдүү дарылануу чараларын колдонуп, жеңил машыгуу түрлөрүн жасаган оң.

4. Баштын оорусу, уйкунун бузулушу, мээнин чарчоосу, ойдун бөлүнүп кетүүсү да бөйрөктүн алсыздыгынан болот. Организмдеги мындай өзгөрүүлөрдү жеңүү үчүн каздын этин, козу карын, жузүмдү ар дайым жеп туруш керек.

5. Бөйрөктүн алсыздыгынан аялдардын ички секреция системасы алсырап, бөйрөк үстүндөгү безден адреналиндин бөлүнүүсү азайып, денедеги зат алмашуу процесси бузулат. Ал ашыкча салмактын жыйналуусуна себеп болот. Ага каршы туруш үчүн алаканды бири-бирине укалап, жылуу боюнча бөйрөккө басыңыз. Муну күнүнө бир нече ирет кайталап туруу керек. Ошондой эле, каз, коён, балык эти сыяктуу азыктарды жеп турган жакшы жыйынтык берет.

6. Бөйрөктүн алсыздыгынан кан басым көтөрүлөт. Мындай белгилер байкалган кезде ооруну алдын алуу үчүн дарыгерге көрүнүп, дарыланууну баштоо кажет. Антпесе бөйрөк иштебей, жашоого коркунуч туудурат. Өз ден-соолугуңуз − өз колуңузда!