Экологиялык көйгөйлөр тынымсыз айтылып келсе да, баары бир адамзат тарабынан Жер жүзү жабыркоодо. Биз келечек муундарыбыз кандай дүйнөдө жашарын азыр чечип жатканыбызды түшүнүшүбүз керек. Ооба, биз ири алкактагы өзгөрүүлөрдү жасай албайбыз, бирок өзгөрүү жолун өзүбүздөн жана үйүбүздөн баштасак болот. Жер жүзүн булгануудан сактоонун көптөгөн жолдору бар. Ар бирибизге жеткиликтүү боло турган ыкмага көз чаптырып көрөлү. Эскирген нерсени ыргытып жиберүүгө шашылбаңыз. Ушул постту окуңуз. Бүгүн биз калдыктарды кайра иштетүү ыкмасынын бир түрү жөнүндө айтып беребиз. Бул ыкма апсайклинг деп аталат. Апсайклинг -бул англисче "upcycling" сөзүнүн орусча айтылышы, кайра иштетүү дегенди билдирет. Бул эски нерселерге жаңы жашоо берүү жолу. Башкача айтканда, дал ушул максатта колдонулбай турган эски нерсени алып, аны жаңы нерсе жаратуу үчүн колдонсоңуз болот жана каалаган материалдан каалаган нерсеңизди жасай аласыз, мунун бардыгы сиздин фантазияңыздан көз каранды. Сиз бул ыкма менен жакшы таанышсыз,