Найти в Дзене
Проект "Умтул"

Англис тилин кантип үйрөнөбүз?

Алыскы айыл-аймакта жашап кантип англис тилин үйрөнсө болот?

Мында сиздерге айыл-аймакта жашап, атайын акча толоп билим алганга шартыңыз жок болсо, кийинки бекер ресурстарды колдонууга мүмкүнчүлүгүңуз бар. Эң негизгиси сиздин аракетиңиз!

Пайдалуу ички сапаттар:

✅ Тил үйрөнүү чечимин кабыл алсаңыз, телефонуңуздун тейлөө тилин англис тилине которуңуз!

✅ Тил сиздин максатыңыз менен шайма шайкеш келиши абзел!

✅ Тил үйрөнүүнү күнүмдүк ишке айландырыңыз, жок дегенде 15 мүнөт бөлуңүз. Себеби тил убакытты талап кылычуу процесс.

✅ Эсиңизге туюңуз, элдин пикири жашообуздун ар бир аспегинде жолугушат, негативдүү сөздөрдү чекке кагып тилегиңизге аракет кылыңыз!

Пайдалуу локациалар:

📍 Америка борбору(уголок) - чакан ресурстук борбор катары саналып, үзгүлтүксүз программаларды өткөрөт (сүйлөөшүү клубтары, кино көрсөтүүлөр жана башкалар), маданий программалар (аткаруулар, китеп презентациялар, мастер-класстар, ж.б.) жана АКШ Фулбрайт студенттеринин жана Тынчтык Корпустун волонтерлорунун программалары. Азыркы күндө Кыргызстанда 7 Америка борборлор иштейт, Бишкек, Жалал-Абад, Ош, Талас, Кант, Каракол жана Нарын шаарларынын жарандарын тейлешет.

📍 «Суйлошуу клубтар» (Talking club) - ар бир региондо тил үйрөтүү же болбосо жергиликтүү университетиңиздин алкагында суйлөшүү клубтары уюштурулуп турат. Кенениреек маалыматты ошолордон билсеңиз болот.

📍 Жайкы/кышкы лагерлер (Summer/Winter camps) – төмөнку ресурстук борборлордо Тынчтык Корпустун жана башка организациялардын волотерлору менен англис тилине арналган лагерлер өткөрүлөт.

Пайдалуу шилтемелер:

💡 16 сааттык онлайн англис тили «Полиглот. Выучим английский за 16 часов с Дмитрием Петровым»

[https://www.youtube.com/watch?v=LrhyihlqB-U&t=442s]

💡 Ресурстук шилтеме - BBC learning English

[https://www.bbc.co.uk/learningenglish/]

💡 Ресурстук шилтеме - Cambridge Assessment English [https://www.cambridgeenglish.org/learning-english/]