Эгер сиз, өз жашооңузга, өзүңүз ээ болгуңуз келсе, ой жүгүртүү аркылуу талдаганды үйрөнүшүңүз керек.
Ойлонуп көрүңүз, сиз угуп, көрүп жүргөнүңүздүн баарына ишене аласызбы? Сиз туура жана туура эмес деп, кабыл алган нерселерге далил издеп көрдүңүзбү? Башка адамдар менен мамиле түзгөндө, көз карашыңызды бекемдей аласызбы – аргументтер барбы? Кандайдыр бир кадыр-барктуу адамга өз пикириңизди ачык айтып бергенге батына аласызбы, же каршы пикир айтабы деп, чочуп батына албайсызбы?
Талдап ой жүгүртүү – эмнеге ишениш керек, эмне кылам деп, чечим чыгарууга багытталган, акыл эстүү ой жүгүртүү болот.
Ал бизге ар түрдүү сунуштарды, көз караштарды, далилдерди, тегерек чөйрөдөгү пикирлерди, ылдам ой жүгүртүп, талдоого жардам берет, ошондой эле, өз сөзүн түшүнүктүү кылып негиздөө, макул эместигин толуктап, көрсөтүп анан талашуу бирөөнүн жана өзүнүн ойлорун, иш аракеттерин, ишенимдерин терең түшүнүү менен кабыл алуу.
Акыл эске таянып ой жүгүртүү гана үгүттөөнүн, бурмалоонун, көз боёмочулуктун курмандыгы болуп калуудан сактай алат. Адилеттүүлүккө, коопсуздукка, акылдуу ой жүгүртүүгө жардам берет.
Талдап, ой жүгүртүүнүн мааниси:
🔹 Сиздин жеке тажрыйбаныз жана ишенимдериңиз, дайыма эле турмушка дал келбей турган учурларга даяр болуу.
🔹 Бирөөлөрдүн астында басынбоо (демек сиз кимдин кандай ойу, сунушу болбосун, анын даражасына карабай күмөн туудура аласыз)
🔹 Фактыларга таянуу.
🔹 Эмоцияларга алдырбоо.
🔹 Кырдаалга ар тараптуу маани берүү.
🔹 Бардык, далилдерди жана түшүндүрмөлөрдү көңүлгө алуу.
🔹 Бардык, болуучу жагдайларды эске алуу (далилдер, түшүндүрмөлөр).
🔹 Шашылыш жыйынтыктарды чыгарбоо.
Эң алды менен түйүндүү маселени так аныктап алуу керек (кээде маселе жөнөкөй эле түшүнбөстүк болуп калышы мумкун). Байкап көрүш керек, сизди кимдир бирөөлөр кагылышууга түртүп, же адаштырууга аракет кылган жокбу. Чынында эле маселе жаралган болсо, аны текшерүүдөн өткөрүп, ооба жана жок деген бардык чечимдерди таразалап туруп ойлонуңуз.
Биз талдап ой жүгүртө алуунун канчалык маанилүү экендигин, маалыматтарга сереп салуу тууралуу айтып бердик. Бул бардыгынан жек самап, майда чүйдөсунө чейин киришип, текшерип чыгуу дегендике жатпайт. Кайсы маалыматты, качан текшересиз, ал сиздин жеке укугунуз. Бирок далили жок билдирүүлөрдү, күмөн саноого алуу, сизди бөлөк бирөөлөрдүн таасиринен көз каранды болбоого көмөктөшөт.