Абдулла Ибн Умар (Аллах атасы экөөнөн ыраазы болсун) айткан:
“Мен Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) мындай дегенин уккам: «Илгери силерге чейин жашаган үч адам сапарга чыгышат, жолдо баратып бир үңкүргө түнөккө токтошот. Бирок үңкүргө киришкенде тоодон чоң таш кулап, үңкүрдүн оозун адам чыккыс кылып жаап калат. Ошондо алар бири - бирине мындай деп кайрылышат:
“Чындыгында бул таштан бизди бир гана Аллахка «сооптуу иштерибиз үчүн бизди ушул таштан куткар» деп кайрылган дуа гана куткара алат!”.
Андан соң алардын бири айтты: “Оо, Аллахым, менин карыган ата-энем бар эле. Мен ал экөөнө биринчи сүт бермейин үй-бүлөмө да, кулдарыма да сүт бербейт элем. Бир жолу отун издеп алыска кетип калып, үйгө кайтканымда ата-энем уктап калган экен. Мен аларга арнап сүт саап алган элем, бирок алардын уктап калганын билгенден кийин аларды ойготуудан тартынып, үй-бүлөмө да, кулдарыма да сүт бербестен сүт куюлган идишти кармап ата-энем ойгонгуча алардын жанында күтүп турдум”.
Башка риваяттарда мындай деп кошумчаланат: “Ошол убакыттын ичинде балдарым ачкасынан ыйлап бут алдымда жатышты. Андан соң ата-энем ойгонуп кечки сүтүн ичишти. Оо, Аллахым, эгерде мен ушул амалымды ыклас менен, сен үчүн кылган болсом, бизди кулаган таш себептүү туш болгон ушул азыркы абалыбыздан куткара көр!”. Ушундан соң таш ордунан бир аз жылып, үңкүрдүн оозу кичине (бирок алар чыгып кете ала турганчалык эмес) ачылды.
Андан соң экинчиси: “Оо, Аллахым, менин аталаш тууганымдын мага жаккан кызы бар эле, мен аны адамдардын баарынан артык сүйөт элем жана каалайт элем, бирок ал менден баш тартат эле. Мындай абал катуу кургакчылык басканча уланды. Ал кыз кыйын абалга түшүп, мага келүүгө мажбур болду, ошондо мен өз каалоомо жетиш үчүн ага жүз жыйырма динар бердим, ал аргасыздан макул болду. Качан гана каалаганыма жетүүгө мүмкүнчүлүк алганымда ал мага: “Бул мөөрдү бузууга укугуң болмоюн акың жок! Аллахтан корк”,-деди. Ошондо мен бул ишти кылсам күнөөкөр болуп калам дедим да аны баарынан артык сүйгөнүмө карабастан алтынды да ага калтырып, кетип калдым.
Оо, Аллахым, эгерде мен ушул амалымды ыклас менен, сен үчүн кылган болсом, бизди кулаган таш себептүү туш болгон ушул азыркы абалыбыздан куткара көр!”.
Ушундан кийин таш дагы бир аз ордунан жылып, үңкүрдүн оозу бир аз (бирок алар чыгып кете ала турганчалык эмес) ачылды.
Андан соң алардын үчүнчүсү: “Оо, Аллахым, бир жолу мен жумушчуларды иштетип, тиешелүү акысын калтырып кеткен бирөөсүнөн башка баарынын акысын төлөп бердим эле. Мен анын акысын пайдаланып, көбөйттүм. Канча бир убакыт өткөн соң ал адам мага келип айтты: “Оо, Аллахтын кулу, менин акымды бер!”. Ошондо мен ага: “Сен көрүп турган төөлөр, уйлар, койлор жана кулдардын баары сенин акың” дедим. Ал айтты: “Оо, Аллахтын кулу, мени шылдыңдаба!”. Мен айттым: “Чынында мен сени шылдыңдаган жокумун!” Ошондо ал эч нерсесин калтырбай алардын баарын айдап кетти. Оо, Аллахым, эгерде мен ушул амалымды ыклас менен, сен үчүн кылган болсом, бизди кулаган таш себептүү туш болгон ушул азыркы абалыбыздан куткара көр!”. Ушундан кийин таш ордунан алар чыгып кете ала турганчалык жылды да, алар үңкүрдөн чыгып кетишти.
Бул хадистин башка риваятында мындай деп айтылат: «Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) айтты: “Силерге чейин жашаган үч адам сапарга чыгышып, жаан жааганда үңкүргө кирип кетишкенде, анын оозуна таш кулап, жаап калат. Ошондо алар бири бирине мындай деп айтышат: “Аллах менен касам ичип айтабыз, бизди чынчылдыктан-ыкластуулуктан башка нерсе куткара албайт! Ошондуктан силердин ар бириңер Аллахка Ага гана белгилүү болгон чынчылдык менен аткарылган ыкластуу амалы аркылуу дуа кылып кайрылсын”. Ошондо алардын бири айтты: “Оо, Аллахым, чынында Сен Билүүчүсүң, менин бир жумушчум бар эле, ал менде бир фаракъ күрүч үчүн иштеп, аны албай кетти эле. Мен ал бир фаракъ күрүчтү эгип, түшкөн түшүмүнө уй сатып алдым, ошондо ал келип, акысын талап кылды. Ошондо мен ага: “Тиги уйду ал, чынында ал сенин акың болгон бир фаракъ күрүчтөн” дедим жана ал уйду айдап кетти. Оо, Аллахым, эгерде Сен мен ошол амалымды Сенден коркконумдан кылганымды билген болсоң, бизди бул абалыбыздан куткара көр!”. Ушундан кийин асканын оозу ачылды. Анын артынан ал биринчи айтылганга окшош хадисти келтирди.
аль-Бухари 3465, Муслим 2743 жана ан-Насаи «Итхафи-с-садати муттакъин» 7/441. Шейх аль-Албани хадис сахих деген - «Сахих ат-Таргъиб ва-ат-тархиб».
ХАДИСТЕН АЛЫНУУЧУ ПАЙДАЛАР
1
Бул хадис Инсан жасап аткан ар бир амалында ыкластуу болуп, ыкластуулук менен аткаруусу керек экендигине далил болот.
Албетте ыклас амалдардын кабыл болуусунун бир негизи болот.
2
Хадисте ата-энеге болгон урмат-сыйдын фазилеттери(артыкчылыктары) тууралуу айтылган. Бул пенденин жамандыктардан кутулуусуна себеп болчу амал.
3
Хадисте пакизалыкка (тазалыкка) үндөп зынаадан алыс болууга көрсөтмө камтылган. Зынаа кылууга мүмкүнчүлүгү болуп туруп аны калтыруу эң жакшы амалдардан экендиги тууралуу айтылган.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) мындай дегенин кабарлайт:
“Аллах Өзүнүн көлөкөсүнөн башка көлөкө жок күнү (Акырет) жети түрлүү адамды Өз көлөкөсүнө алат” деп, алардын ичинде атактуу жана сулуу аял аны каалап чакырганда, “Чынында мен Аллахтан корком!” деп зынаадан баш тарткан эркекти атады. (аль-Бухари, 660; Муслим, 1031).
Бул хадисте дагы өзү катуу сүйгөн аял жанында болгонуна карабастан Улук Аллахтан коркуп аны калтырган адам тууралуу айтылган. Ошондуктан Акырет Күнү бул адам Аллахтын көлөкөсү алдында болот деген үмүт бар.
4
Хадисте адамдарга карата чынчыл жана ыкластуу мамиленин артыкчылыктары тууралуу айтылат. Анткени ал адам жумушчусу келгенде акысын гана берип, калганын өзүнө алып калса болот эле. Бирок анын чынчылдыгы жана диндеш бир тууганына болгон ыкластуулугу анын акысын жана андан тапкан кирешесин толук берүүгө үндөдү.
5
Хадисте Улук Аллахтын кудурети тууралуу айтылат. Улук Аллах ташты эч кандай аспап жана адамдардын жардамысыз жылдырды. Чынында, Улук Аллах баардык нерсеге кудуреттүү!
6
Хадисте Улук Аллах ага дуа кылган пендесинин дуасын угаары жана ага жооп берээри тууралуу айтылган.
7
Хадисте ыкластуулук кайгы жана жамандыктан куткараары тууралуу кабарланган. Ал үч адамдын ар бири: “Оо, Аллахым, Кыямат күнү бейиште жүзүңдү көрүүнү үмүт этип, сенин ыразычылгыңа жетүү үчүн кылган болсом, бизди кулаган таш себептүү туш болгон ушул азыркы абалыбыздан куткара көр” деп кайрылышты.
Ыкластуулук ар бир иштин башы! Ибадаттарыңды Улук Аллахтан башка эч кимге арнаба! Ошондо гана Улук Аллах амалыңды кабыл кылат. Сахих хадисте айтылат: “Улук Аллах айтты: “Мен Мага шерик кошууга эч бир муктаж эмесмин, жана эгерде кимдир бирөө бир амалды Мен үчүн гана эмес, башка бирөө үчүн да аткарган болсо Мен андан да, алардын шерик кошууларынан да баш тартам”
(Муслим, 2985)".
Макаланын автору: Нематулла Кадаев
29.10.20
Telegram каналыбызга катталып башкалар менен бөлүшүп койуңуздар!