Бүтүн тиш адамдын көркү. Ошентсе да, ар бир адам жаш курагына карабай тиш оорусун баштан өткөрөрү чын. Тиштин сыздап ооруганына үнсүз чыдоо – дарттын өтүшкөн түрүнө алып келүүнүн негизги себеби, дешет адистер. Эгер тишиңиз катуу ооруп, стоматологго барууга мүмкүнчүлүгүңүз болбой жатса, жалбызды кайнатып, оозуңузду чайкаңыз. Кайнатманы ооруган бөлүгүнө бир аз кармат турушуңуз керек. 15-30 минөттөн ичинде ушинтип 3-5 жолу жасасаңыз, оору басылат. Ошондой эле, кара куурайдын даны да тиштин оорусун басууга жардамдашат. Ал үчүн күздө бышкан данын жыйнап, бир аш кашыгын бир куту сууга кайнатып демдеңиз. Тамактан кийин ушул тундурма менен оозду чайкап туруу керек. Үч күндүн ичинде тиш түбүнүн какшаганы басылат. Тишиңиз күтүлбөгөн жерден сыздап ооруп, дарыгерге барганча жаныңызды кыйнаса, элдик дарылоого кайрылганыңыз туура болт. Кулагыңызга майдалап тууралган пыязды дакиге ороп, оору басылганча салып коюңуз. Эгер сол жактагы тишиңиз ооруса, оң кулакка, оң жактагысы ооруса, сол кулакка