Найти в Дзене
Укмуш кабарлар

АКШ Сирияга кол салды

Сириянын САНА агенттиги АКШ жетектеген эл аралык коалициясынын Аскер аба Күчтөрү Дейр-эз-Зор провинциясында Сирия армиясынын позициясы боюнча сокку ургандыгын кабарлады. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, каза болгондор менен жаракат алгандар бар.

“Эл аралык коалициянын учактары Аль-Букемалдын түштүк-чыгышындагы ал-Хари кыштагында биздин аскерлерибиздин позициясынын бирине сокку урду, бул бир канча аскер кызматкерлеринин өлүмүнө, дагы башкалардын жарадар болушуна алып келди”, - деп айтылат билдирүүдө.

Жакында эле АКШ Сирияны “чечкиндүү чаралары менен” коркуткан эле.

Белгилей кетсек, АКШ Сириядагы ишмердүүлүгүн кайрадан жандандырды. Атап айтканда, “Ак каскаларды” каржылоону токтоткондон бир жарым ай өткөндөн кийин, Вашингтон чечимди өзгөртүп, көп сандаган жардырууларга күнөлүү (анын ичинде, химиялык курал жөнүндө) уюмдун программаларын ишке ашырууга 6,6 млн доллар бөлдү.

Ошондой эле, Дейр-эз-Зор аймагындагы чагымчылдыктын болгону тууралуу жоромолдор бар экенин белгилей кетүү маанилүү. Алсак, Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенков америкалыктар жана Эркин Сирия армиясынын баскынчылары Сирияда химиялык курал колдонуу менен кезектеги чагымчылдыкка даярданып жатканын билдирди.

Дейр-эз-Зор провинциясында Сирия Араб армиясы менен Сириянын демократиялык күчтөрүнүн америкалык күрт тобунун ортосундагы байланыш сызыгы аркылуу өтүп жатат. Ошентип, Вашингтонго кандай болбосун жаңы туруксуздандыруу керек экенин жокко чыгарууга болбойт, бул хаос күрттөрдүн чыгыш жээгиндеги САРдын армиясына каршы иш-аракетин жаап салуу үчүн керек.

Федералдык жаңылыктар агенттигине улуттук коопсуздуктун коомдук колдонмо маселелерин изилдөө борборунун жетекчиси Александр Жилин буга чейин кырдаалга мындай пикирин билдирген: “Даярдалып жаткан провокациялар жөнүндө биздин Коргоо министрлигинин билдирүүсү жана Сириянын чалгындоо кызматынын маалыматтары өлкөдө жаңы эслакацияны түзүүгө толук кандуу даярдык жүрүп жаткандыгы жөнүндө күбөлөндүрөт”.

“Эмне үчүн? “Бөл жана башкар” принцибин ишке кошуу жана жандандыруу үчүнбү? САРдагы согуштук кырдаалды кайрадан болушунча курчутуу үчүнбү”,- деп эсептейт Жилин.