Найти тему
Укмуш кабарлар

Ооганстандагы баңгизат менен күрөшүүнүн “тескери таасири”

Ооганстан Ислам Республикасынын (ОИР) Өкмөтүнүн акыркы расмий баяндамалары өлкөдөгү баңгизатты себүүнүн, өстүрүүнүн жана аткезчиликтин көлөмү 90 пайызга көбөйгөнүн далилдейт. Ооганстандын ар кайсы провинцияларында апийим кызгалдагы жердин 320 миң гектардан ашыгына өстүрүлөт. Баңгизат менен күрөшүүгө жумшалган астрономиялык сумма жана мунун жолун жолдогон маңзат өнөр жайынын 90 пайыздык өсүү көлөмү, албетте, бир катар суроолорду туудурат.

АКШнын Башкы инспекциясынын отчетуна ылайык, Ооганстанды калыбына келтирүү үчүн (SIGAR) 2016-жылы Вашингтондун апийимди өстүрүүгө, өндүрүүгө жана баңгизат контрабандасына менен өндүрүүгө каршы күрөшкө кем дегенде эле 8,5 млрд доллардан ашык акча жумшады. Бирок, бул таасирдүү сандар натыйжада терс таасирин тийгизди, ошол эле өндүрүштүн, аткезчиликтин жана баңгизатты себүүнүн өсүшү байкалган.

Талибдерджин режимини кулагандан кийин Ооганстандагы апийимди себүү, өндүрүү жана баңгизат контрабандасынын көлөмү акырындык менен өйдөгө көтөрүлдү. Хамид Карзай президент болуп турган убакта баңгизат менен күрөшүү аракеттери ийгиликсиз болду. Ошентсе да, баңгизаттарын өндүрүү жана эгин аянттарынын көбөйүшүн алдын алууга багытталган аракеттер көрүлгөн. Хамид Карзай баарын чынчылдык менен өлкөдөгү апийим өстүрүү көлөмүнүн көбөйүүсүнө эл аралык күчтөр жооптуу деп айткан.

Президент Карзайдын бийлиги аяктагандан кийин эл аралык күчтөрдүн негизги бөлүгүн ИРАдан чыгаруу менен өндүрүш жана баңгизаттардын контрабандасы улам жогорулаган. Бүгүнкү күнү Улуттук биримдик өкмөтүнүн төртүнчү жылкы башкаруусунда баңгизат себүү жана өндүрүүнүн көлөмү 90 пайызга өскөн. Бул факт азыркы ооган бийлиги баңгизат өнөр жайы менен күрөшүү үчүн тийиштүү күч-аракеттерди көрбөй жатканынын даана көрсөтүп турат.

Адистердин пикири боюнча, бүгүнкү күндө апийим өстүрүүнүн жалпы көлөмүнүн 97 пайызы Ооганстандын бардык бөлүктөрүндө жайгашкан өлкөнүн туруксуз аймактарына туура келет: апийимдиндин 60 пайызы түштүк аймагында, 17 пайыз батышта, 13 пайызы түндүктө, 7 пайызы чыгышта, 3 пайызы түндүк чыгышта жана 0,4 пайызы борбордук аймакта өндүрүлөт. Эгер өткөн жылдары баңгизаттар өлкөнүн саны көп эмес өзүнчө аймактарында өстүрүлгөн болсо, быйылкы жылы баңгизат менен күрөшүү Боюнча министрликтин маалыматы боюнча, баңгизат өстүргөндөр ИРАнын 24 облусунда бар.

2017-жылы Ооганстандагы чийки апийимди өндүрүүнүн болжолдуу көлөмү 9000 метрлик тоннага жеткен, өткөн жылга салыштырмалуу болжол менен 90 пайызга өскөн. Чийки апийимдин орточо түшүмү гектарына болжол менен 27,32 килограммды түзгөн, бул 2016-жылга (23,8 кг гектарынан) караганда 15 пайызга көп. 2017-жылы Ооганстанда өндүрүлгөн баңгизаттардын саны 9000 тоннаны түзсө, ал эми өткөн жылы бул көрсөткүч 4800 тоннага барабар болгон.

Маңзаттарды себүү жана өндүрүү негизинен коопсуздуктун көз карашынан алганда туруксуз аймактарда жана өкмөткө каршы ар кандай куралдардуу топтор көзөмөлдөгөн провинцияларында болот. ИРА өкмөтүнүн статистикасына ылайык, маңзаттар Ооганстандагы согушту каржылаган булактардын 40-60 пайызын түзөт. Апийим өстүрүүнүн эң көп пайдасын согуштук топтор, атап айтканда Ооганстандын 50 пайыз аймагын көзөмөлдөгөн Талибан жана Ислам мамлекети кыймылы көрөт. Буга чейин талибандар менен ислам мамлекети кызгалдак талаасын, ошондой эле өлкөнүн бир катар облустарындагы жер астындагы шахталарды басып алганы тууралуу маалымат тараган.

Маңзаттар жыл сайын Ооганстанга 1,39 миллиард доллар алып келет, бирок дүйнөлүк рынокто анын баасы бул суммадан он эсе жогору, сатуудан түшкөн пайда эл аралык уюшкан топтордун чөнтөгүндө калат. Тилекке каршы, эл аралык коомчулуктун Ооганстанда терроризм жана маңзат менен күрөшүп баштагандан берки 17 жыл ичинде коопсуздук абал жакшырган жок жана маңзат себүү, өндүрүү жана контрабанда дагы токтогон эмес. Тескерисинче, коопсуздук каатчылыгы жана анын айынан маңзат контрабандасы менен өндүрүү күн сайын көбөйүп барат.

Акыркы 17 жылда Ооганстанда маңзат себүү, өндүрүү жана контрабанда менен күрөшүүгө чоң акча жумсалды. Бирок, бул багытта эч кандай сезилерлик жетишкендиктер байкалган эмес. Өткөн жылы НАТО менен эл аралык күчтөр маңзаттарды өндүргөн ири фабрикалар менен борборлор кароолго алынып жок кылынганы жөнүндө рапорт беришкен эле, бирок азыркы учурда өлкөнүн түштүгүндө, чыгышында, түндүгүндө жана батышында маңзат контрабандасы жана өндүрүшү боюнча жүздөгөн ири борборлордун иштеп жатканы туурасында анык маалымат бар. Ооган өкмөтү менен эл аралык күчтөр бул борборлордун бар экени жөнүндө эч нерсе билбейт экенин элестетүү кыйын. Ошондой эле, Ооганстанда көбүнчө өкмөт чиновниктери менен биргелешип иштешкен жүздөгөн кесипкөй маңзат аткерчилери эркин жүрүшөт.

Эл аралык күчтөр өткөн жылы маңзаттарды өндүрүү жана таңгактоо боюнча 100гө жакын заводду жок кылышкандыгы жөнүндө билдиришкен. Бирок, Кабул маңзат менен күрөшүү үчүн дүйнөлүк коомчулук менен биргеликте эл аралык күчтөр тарабынан колдонулган күрөш ыкмаларына канааттанбайт. Ооганстандын өкмөтү өзүнүн өлкөсүн маңзаттын курмандыгы деп эсептейт жана буга күнөнү чет элдиктерге жүктөйт.

Ооган эли жана аймактагы мамлекеттер маңзатты өндүрүүдөн, контрабандадан жана пайдалануудан чоң зыянга учурады. ИРА дүйнөдөгү маңзаттардын чоң бөлүгүн ташып жеткирип берүүчү болуп саналат. Ооганстандын түштүгүндөгү Гельманд провинциясында эле бардык дүйнөлүк маңзаттардын 90 пайызы өндүрөт. ИРАнын аймагы дүйнөнү 80 пайыз героин менен камсыз кылат.

Ооганстандын өзү дагы маңзат мафиясынын курмандыгы болуп саналат. Өлкөдө 4 миллионго жакын адам маңзатка көз каранды экени аныкталган. Аларды Кабулдун кээ бир көчөлөрүнөн өтө боор орурлук абалда көрүүгө болот. Ошол эле учурда, Ооган өкмөтүндө маңзатка көз карандыларды чогултуу, дарылоо жана иш менен камсыз кылуу боюнча узак мөөнөтүү жана ар тараптуу программасы жок. Маңзаттарды керектөөнүн көбөйүшү ооган коому үчүн олуттуу коркунуч болуп саналат.

Байкоочулар баңгизат контрабандасы жана өндүрүүгө каршы күрөштүн ордунан чыкпаган себеби ачык-айкын башкаруу механизмдери менен башкаруу чечимдеринин, ошондой эле бийликтин зарыл жоопкерчилиги менен эркинин жоктугунда деп эсептешет.

Саясий туруксуздук, өкмөт тарабынан Ооганстандын аймагын көзөмөлдөөнүн кыйла начарлашы, коопсуздук каатчылыгы, жемкорлук, алсыз мамлекеттик башкаруу, ылайыктуу алтерьнативдүү өсүмдүктөрдүн жоктугу, кээ бир өкмөттүк чиновниктердин контрабандачылар менен байланышы жана өлкөнүн ичиндеги бийликтин, ошондой эле эл аралык коомчулуктун эркинин жоктугу маңзаттардын контрабандасына, өндүрүлүшүнө, эгилүүсүнүн өсүшүнө түрткү берген негизги факторлор болуп саналат.

Баңгизатка каршы күрөшүү Ооганстандын коопсуздук күчтөрү менен өкмөтүнүн ишиндеги артыкчылыктардын бири болуш керек. Бул ордото, Ооган өкмөтү өлкөдөгү согуш менен ушунчалык алек болуп жаткандыктан, маңзат жана апийим плантацияларын жок кылуу маселесине көңүл бурууга мүмкүнчүлүк жок.

Эл аралык күчтөр өздөрүнүн мисиясынын башында эле баңгизат менен күрөшүүгө олуттуу көңүл бурган эмес. Анан калса, Гельманддагы англиялык жана америкалык күчтөрдүн ушул провинцияда кылмыштуу уюмдар менен макулдашканы тууралуу маалымат бар. Эгер бул чын эле ушундай болсо, анда Ооганстанда маңзат индустриясы менен күрөштө тез ийгиликке жетүүнү ойлобой эле коюугай болот.