Бүгүн Сокулук районунда чоң майрам! “Глобус” аттуу бренд менен белгилүү гипермаркеттер тармагы Ново-Павловка айылында дагы бир дүкөнүн ачты. Мурдагы “Боорсок” дүкөнүнүн ордун ээлеген жаңы дүкөндүн астында эл көп чогулду. Ар кандай түстөгү шарлар менен кооздолгон сахнада шаңдуу музыка жаңырып, алып баруучу бакылдап келгендерге бүгүнкү майрамдын программасы менен тааныштырды. Өзү да бийлеп, башкаларды да бийге чакырып жатты. Көпчүлүк балдар-кыздар “Кара жоргону” катыра бийлеп элдин маанайын көтөрдү. Мыкты бийлегендер “Глобустун” атынан атайын байгелерге ээ болушту. Атайын чакырылган ырчылар жана цирк артистери улам алмашып элге жакшы концерт тартуулашты.
Саат 12:00. Сахнага Ново-Павловка айыл аймагынын башчысы Нурболот Мурзакматов чакырылды. Ал бүгүнкү жаз мезгилинде айылдын аймагында азыркы талапка жооп берген “Глобус” супермаркетинин ачылышы жакшы жышаан экендигине токтолду. “Аймагында жайгашкан мындай зор дүкөн менен өлкөдөгү айыл өкмөттөрдүн ар бири эле мактана албайт” деп айтты айыл башчы.
Кыска сөзүнөн кийин айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мырзакматов чыдамсыздык менен карап турган элди күттүрбөстөн салтанаттуу түрдө эшик алдындагы лентаны кести. Ошентип шаар менен айыл чегинде жайгашкан супермаркеттин айнек каалгалары айылдыктар эле эмес шаардыктар үчүн да кенен-кесири ачылды.
Бүгүнкү майрамга карата жарыяланган акция боюнча көпчүлүк товарлар жана азык-түлүктөр арзан баада арбын сатылды.
Авазбек Жусупбеков,
Газета “Объектив”