Бишкек шаарында Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына арналган эл аралык поэтикалык фестиваль өтүүдө. Иш-чарага чет элдик делегациялар жана кыргыз акындары катышып, Алыкул Осмоновдун улуттук адабиятка кошкон салымы бааланды.
📚 Бишкекте Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына арналган «Алыкул – Ата Мекен акыны» эл аралык поэтикалык фестивалы уланууда.
🌍 Фестивальге Түркия, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Россия жана ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун өкүлдөрү катышууда.
🏛️ Катышуучулар Алыкул Осмоновдун үй-музейине экскурсия жасап, анын адабий мурастары, кол жазмалары жана жеке буюмдары менен таанышты.
📖 Алыкул Осмоновдун улуттук адабиятты өнүктүрүүгө кошкон салымы жана Кыргызстан маданиятынын символу катары мааниси жогору бааланууда.
🤝 «Алыкул – Ата Мекен акыны» фестивалы ар кайсы өлкөлөрдүн чыгармачыл интеллигенциясын бириктирип, Алыкул Осмоновдун поэзиясы кыргыз элинин гана эмес, бүткүл түрк дүйнөсүнүн байлыгы экенин далилдеп келет.