Таластагы борбордук паркта аттракциондор орнотулууда. Реконструкция июнда башталган жана республикалык бюджеттен каржыланууда. Аттракциондордун түрлөрү онго жетип, 1,5 га аянтты камтыйт.
🎢 Талас шаарындагы борбордук паркта жаңы аттракциондор орнотулууда. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан колдоого алынган.
🏗 Июнь айында башталган реконструкция иштери республикалык бюджеттен каржыланууда. Учурда жер казуу жана бетон куюу иштери аяктап, аттракциондор үчүн металл конструкциялар орнотулууда.
🎡 Коноктор үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, паркта онго жакын ар түрдүү аттракциондор каралган. Жалпы курулуш аянты 1,5 гектарды түзөт.
⏳ Таластын борбордук паркындагы аттракциондор 2008-жылы эскиргендигине байланыштуу иштен чыгарылган. 17 жылдан кийин кайрадан реконструкциялоо иштери башталып, учурда иш кызуу жүрүүдө.