Вашингтондо Кыргызстандын АКШдагы элчиси Айбек Молдогазиев АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугуп, эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө даярдыгын билдирди.
🇺🇸 Вашингтондо 2025-жылдын 11-июнунда Кыргызстандын АКШдагы элчиси Айбек Молдогазиевдин АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугушуусу болуп өттү. Бул жолугушуу ишеним грамоталарын тапшыруу аземинин алкагында өттү.
🤝 Жолугушуу учурунда элчи Молдогазиев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун саламын жеткирип, кыргыз-американ кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди.
🇰🇬 Дональд Трамп эки өлкө ортосундагы достук мамилелерди бекемдөөгө жана жалпы күн тартибин илгерилетүүгө ниетин билдирди.
🗣️ Кеңири эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн алкагында конструктивдүү диалогду улантууга даярдык тастыкталды.