Найти в Дзене
NAQ MEDIA

Ленин районунда «Ден соолук» спартакиадасы өттү

Ленин районундагы мектеп мугалимдери арасында өткөн «Ден соолук» спартакиадасында волейбол, футбол жана башка спорт түрлөрүндө күч сынашты. Жеңүүчүлөргө кубоктор жана медалдар тапшырылды.

🏆 Ленин районундагы мектеп мугалимдери арасында жыл сайын өткөрүлүүчү “Ден соолук” спартакиадасынын райондук этабы Бишкекте болуп өттү.

⚽ Мугалимдер ар түрдүү спорт түрлөрүндө – волейбол, футбол, тогуз коргоол, ордо, шахмат, настольный теннис жана стритбол боюнча күч сынашты.

🏅 Командалар жогорку деңгээлдеги даярдыгын, ынтымактуулугун жана женишке болгон умтулуусун көрсөтүштү.

🥇 Жарыштын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөргө жана байге ээлерине кубоктор, медалдар жана дипломдор тапшырылды.

🎉 Спартакиада Ленин районунун педагогикалык чөйрөсүнүн активдүү, спорттук жана ынтымактуу экенин даана көрсөттү.