Бишкекте жаш жетекчи кызматтар үчүн кадрлар резервин түзүү боюнча конкурс жарыяланды. 19-30 жаштагы, орто билими жана "B" жана "C" категориядагы айдоочулук күбөлүгү бар жарандар катыша алышат. Документтер 30-майга чейин кабыл алынат.
📢 Жаш жетекчилик кызмат орундарын толуктоо үчүн кадрдык резерв түзүү боюнча сынак жарыяланды.
👥 19 жаштан 30 жашка чейинки орто билимдүү жана “B” жана “C” категорияларындагы айдоочулук күбөлүгү бар жарандар катыша алышат.
📝 Катышууну каалагандар 30-майга чейин жеке арыз, кадрдык эсепке алуу анкетасы, өз колу менен жана компьютерде басылган эки нускадагы биография, автобиографиялык реферат, билим тууралуу нотариалдык тастыкталган документтин көчүрмөсү, эмгек китепчесинин нотариалдык тастыкталган көчүрмөсү, эркектер үчүн аскердик билеттин көчүрмөсү, паспорттун көчүрмөсү, нике жана балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөр, укук коргоо органдарында кызмат өтөөгө жарамдуулугу тууралуу аскердик-доктордук комиссиянын жыйынтыгы, 9х12 өлчөмүндөгү бир жана 3х4 өлчөмүндөгү төрт сүрөт тапшырышы керек.
🏢 Документтер Бишкек шаары, Чокан Валиханов көчөсү, 1а дареги боюнча кабыл алынат.
📞 Кошумча маалымат алуу үчүн телефондор: (0312) 63-12-75, 63-09-00, 63-09-01.