Аутизм-бул баш мээнин өсүшүнүн бузулушунан келип чыккан оору. Көбүнчө 1,5-3 жаштагы балдар кабылат. Алар башында өзү теңдүү балдардан эч айырмаланбайт. Убагында басып, убагында сүйлөп, ата-эне мээримине бөлөнүп, өзү теңдүү балдар менен чогуу ойноп жүрө берет. Анан канча бир убакыттан кийин журум-турум, мүнөзү, чөйрөгө болгон мамилеси тескери жакка өзгөрөт.
Аутизм оорусу дүйнө жүзүндө орчундуу маселеге айланган оорулардын катарында. Мисалга, Түркия мамлекетинде бул оору менен 1 миллион, 350 миңге жакын киши жабыркап келет. Алардын ичинен 0-18 жаш аралыктагы балдардын саны орто эсеп менен 350 миңди түзөт. Эксперттер алардын 5 пайызы гана билим алууга жетише тургандыгын айтып өттү.
“Мугалимдердин, администраторлордун жана ата-энелердин аларга жасаган мамилесин өзгөртүү маанилуу”,-дейт адистер.
Өлкөбүздө аутизм менен ооруган балдардын окууга кирүүсү орчундуу маселе. Окууга кирген соң класста аларды өзүнчө бөлүп койгон дагы туура эмес.
Мугалимдердин бирөөсүнүн айтымында: “Менин классымда 20 окуучу бала окуйт. Алардын ичинен бирөө аутизм оорусу менен ооруйт. Мен аларга сабакты өткөндө 19 балага башка, аутизм менен ооруган балага өзүнчө бөлүп сабак берем. Анткени, башкалар жасаганды ал жасай албагандыгын түшүнөм. Ал бала ойлонсуп деп, ага оюн өткөрөм. А бирок кийин биз бул системаны буздук. Бардык бала бирдей билим алууга укуктуу деп, түрдүү тренингдер өтүлүп, мугалимдердин дагы билимин жогорулаттык. Башкача айтканда, мектептеги климаттык абалды өзгөрттүк. Муну биз эмне үчүн жасадык? Албетте, эң алгач эле бардык балдар бирдей билим алууга укуктуулугуна басым жасадык”.
“Tohum Autism” фондунун директорунун айтымында “аутизм менен ооруган балдар, алардын оорусунун деңгээлине жараша билим алуусу керек". Мына ошондо гана алар бирдей билимге ээ боло алат
Маалымат Zaman.kg сайтынан алынды