Ашканадагы аялдын жып-жылаңач селфи сүрөттөрү. Кебетеси америкалык ырчы жана актриса Деми Ловатого окшош. Бул сүрөттөр кара ниеттүү адамдар тарабынан уурдалып, интернетке тараганы айтылууда.
Хакерлер сүрөттөрдү бир нече сайттарга жана форумдарга жүктөшкөн. Эми аларды табыш кыйын. Анткени атайын адистер тармактардагы ырчыга тиешелүү баардык маалыматтарды өчүрүүгө көмөктөшүүдө.
The Blast порталынын маалыматы боюнча, Твиттердин башкы директору Жек Дорсинин баракчасын бузууда белгилүү болгон хакерлер тобу, бул киберкылмышка барышканы айтылууда. Алар буга чейин актриса Хлой Грейс Морецтин жеке сүрөттөрүн интернетте жарыялашкан болчу.
Айтмакчы, эң биринчи ырлар жыйнагын 2008-жылы жаздырган 27 жаштагы Ловатонун аткаруусунда көптөгөн альбомдору бар. Ошондой эле Демини көпчүлүк «Качуу» (Побег), «Camp Rock: Музыкалуу каникул», «Санниге мүмкүнчүлүк бергиле» жана «Кумар анатомиясы» аттуу бир катар сериалдар менен актриса катары да таанышат.
Биздин каналга ПОДПИСАТЬСЯ болунуздар шилтеме аркылуу: https://zen.yandex.ru/id/5d9b9416b477bf00ade36e65
Биздин каналга ПОДПИСАТЬСЯ болунуздар шилтеме аркылуу: https://zen.yandex.ru/id/5d9b9416b477bf00ade36e65
Булак: NazarNews.kg