Найти тему
@KaraBala

Башталыш...

2013- жылдары жайында өзүм көптөн бери кыялданып жүргөн компьютеримдин системалык блогун сатып алып аны кураштыра баштадым. Жашоом жаңы нукка бурула баштагандай болгон эле. Аны баардык керектүү жабдыктарын сатып алган соң ишке түшүрдүм жана менин уйкусуз таң аттырган күндөрүм башталды...

Ошол жылдары атам сатып берген эски смартфонум болчу. Интернетке болгон кызыгуум күчөп, түн бою ар кандай форумдарда, чаттарда өмүр өткөзчү элем. Ар кандай статялар, блогдор танымал блоггер,влоггерлердин видеолорун көрүү мен үчүн сабакта беш баа алуудан бир топ эле кызыктуу болчу. Таанымал инсандардын: Марк Цукерберг, Билл Гейтс, Стив Жобс, миллиардер Уорен Баффет сыяктуу адамдардын өмүр таржымалдарын көрүп жүрүп, мен да алар сыяктуу жашоомдо жаңы бурулуш жасагым келип жүрчү.Бирок, баардык нерсе видеолордогудай кооз кетпечү... Ошол жылы 9-класста окуп жүргөнүмдө экзамендеримди тапшыралбай, апам болсо мен үчүн мугалимдер артынан жүгүрүп жүргөнүн көрүп, ичимден менден кайдагы Стив Жобс же Билл Гейтске окшогон адам чыксын деп болгон баардык мотивацияларымда жоготчумун. А бирок, интернет, форумдар, мыйзамга туура келбеген заттарды сатчуу сайттардан дагы деле кол үзгөн эмес элем. Жашоомдун бир бөлүгүнө айланып үлгүргөн бул нерселер, мага пайдадан көрө зыянын тийгизип жатканын жакын досум Акылда көп айтчу болду. А Акыл демекчи ал менин жакын досум жалгыз гана сырларымды айта алган адамым болчу. Өспүрүм жашымда көп нерселерди апама айта алчу эмесмин, балким бул өткөөл мезгилим(переходный возраст) болсо керек эле. Акыл мага караганда шайыр, мектепте активист жана Воллейбоду мыкты ойногон бала болчу. Ушундай бала мени менен дос болгонуна абдан ыраазы болчумун...