Эгер сиз корей соусу менен даярдалган даамдуу фирмалык тоок этин тамшана жегинди жактырсаңыз, эч качан романтикалык жолугушууну Chicken Starда белгилебеңиз.
Элестетип көрүңүз, сиз жолугушууга өзгөчө сулуу, табышмактуу Бийкеч болуп келдиңиз дейли. Кытыраган, жыттуу кычкыл-таттуу соус менен даярдалган ширелүү тоок этин эки кишиге заказ бердиңиз. Аны сизге, албетте, айры жана атайын чымчып жай турган шаймандарды берет.
БИРОК, тоок эти ушунчалык даамдуу болгондуктан, анын үчтөн эки бөлүгүнө келгенде, гастрономиялык ырахатка ушунчалык берилип кетип, мээ тык этип эле өзүнүн иштешин токтотуп, маданият дегенди унутуп, шалтактап соуска малынганыңызга карабай, эки колуңузду табакка салып жибергениңизди байкабай, тооктун этин сугунуп баштайсыз. Бардык 9 манжаңыз (эмнеге 9? Анткени, сиз чыныгы ак сөөк катары оң колуңуздун чыпалагын өйдө каратып, кайкалатып аласызда) ширелүү соуска малынып, тиштердин арасына тооктун эти уят кылып туруп калат. Бирок сизге баары бир, себеби ушунчалык даамдуу дейсиз...
Мына дал ушул себептен, сиздердин мамилеңиздер айтардык ишеничтүү чекке жетип, ынак боло элек болсоңуздар, Chicken Starда жолугушууну белгилебей туруңуздар. Аталган жигит дагы сиздин соус менен кооздолгонуңузду, жаман адатыңызды жана табитиңиздин мыктылыгын көрүп шок болбойт. Тоок этин, роллы-суши, бургер, шаурма, лагмандарды жакын курбуңуз менен барып жеңиз, ал эми биринчи этаптагы жолугушууну сиз табышмактуу жана өтө маданияттуу Бийкеч көрүнгөн жерде белгилеңиз.
Булак: https://www.facebook.com/aziza.murzashova