Найти тему
Укмуш кабарлар

Жигиттин кызга айткысы келген 9 сөзү

Жигиттердин жан дүйнөсүнө үңүлүп, изилдөй келгенибизде, алардын кыздарга айткысы келип, айта албаган сөздөрү бар экенин билдик. Жигиттердин кат-кат сыр сандыгын аңтарып көрөлү. Биз, жигиттер:

1. Жанында болгондо, өзүбүзбү жайлуу сезсек, ал кыздан эч качан кетпейбиз.

2. Көпчүлүгүбүз кир жууй алабыз. Үтүктөө, аарчуу, тамак бышыруу да колубуздан келет.

3. Мыкты аялдардан коркобуз. Кыздарга алсыз эркек жакпаган сыяктуу, бизге да мыкты аялдар жага бербейт.

4. Официантка ызы-чуу чыгарган кызды көрсөк, түңүлүп гана тим болобуз. Кызга сылыктык мүнөздүү деп билебиз.

5. Биз силердин бардык эркелигиңерди көтөрө билебиз. Кээде чектен ашкан жоруктарыңарга жол бергенибиз – канчалык өзүмчүл экениңерди байкоо үчүн...

6. Мейманканага алып баруу, тамаша айтып, кызды айланчыктоо сезимдин жаралганын билдирбейт.

7. Биз сокур эмесбиз, ошондуктан, боёлбогон чач менен алынбаган тырмакты бирдей байкай алабыз.

8. Кыздын кандайдыр бир өнөрү бар болсо, аны жашырбаган туура. Биз кыздын өзгөчөлүгүн баалай билебиз.

9. Дүйнөдө үч миллиардга жакын аял бар. Ийгиликтүү эркектерге караганда, сулуу аялдар алда канча көп. Аялдын сулуулугу – анын негизги коргону.